Викиказына:Кош келиңиз
Викиказына деген эмне?
Викиказына – коомдук энчидеги жана эркин лицензияланган билим берүүчү медиа контенттин (сүрөттөрдүн, үн жана видео жазуулардын) жалпыга жеткиликтүүлүгүн (анын ичинде ар кандай тилде жеткиликтүүлүгүн) кымсыз кылган медиа сактагыч. Мындан тышкары, Викимедиа фондунун долбоорлору үчүн бирдиктүү сактагыч катары колдонулат, бирок анда сакталуучу медианы колдонуу үчүн аталган долбоорлорго катыштыгыңыздын кажети жок. Сактагыч жалданган адистер тарабынан эмес, ыктыярчылар тарабынан түзүлүп, тейленет. Викиказынанын алкагы тийиштүү баракта чагылдырылган.
Викиказына Википедиядай эле вики-технологияны колдонгондуктан, аны да каалаган адам түзөтө алат. Викимедианын башка долбоорлоруна жүктөлгөн файлдардан айырмаланып, Викиказынага жүктөлгөн файлдар Викимедианын бардык долбоорлорунда ар бирине өзүнчө жүктөлбөстөн колдонулушу мүмкүн.
2004-жылдын 7-сентябрында ачылган Викиказына 2006-жылдын 30-ноябрында 1 000 000чу жүктөлгөн медиа файлга туш болгон, азыркы учурда болсо 149 889 197 медиа файлды камтыйт. Викиказына тууралуу түшүнүк калыптандыруучу маалыматтын көбүн Жоопкерчиликтен баш тартуудан, Википедиядагы жана Мета-викидеги макалалардан тапсаңыз болот.
Салттуу медиа репозиторийлеринен айырмаланып, Викиказына — «эркин» ресурс. Бул жердеги бардык файлдарды автор көрсөткөн шарттарды сактоо менен каалаган адам эркин көчүрүп, пайдаланып жана өзгөртө алат. Көп учурда бул булакка жана авторго тиешелүү түрдө шилтеме берүүнү, ошондой эле көчүрмөлөрдү жана жакшыртылган версияларды башкаларга да ошол эле эркиндик менен таратууну билдирет. Ар бир медиа файлдын лицензия шарттарын анын сүрөттөмө барагынан табууга болот. Викиказына маалымат базасынын өзү жана андагы тексттер Creative Commons Attribution-ShareAlike 4.0 лицензиясы боюнча лицензияланган. Материалдарды кайра колдонуу тууралуу көбүрөөк маалыматты Commons:Reusing content outside Wikimedia жана Commons:First steps/Reuse барактарынан таба аласыз.
Катышуу
Викиказынага эң чоң салымыңыз – жакшы кыла ала турганыңызды кылуу:
Чыгармаларыңызды жүктөңүз
Мыкты фотограф болсоңуз, мыкты сүрөттөрүңүздү бөлүшүүдөн тартынбаңыз. Мыкты графикалык дизайнер болсоңуз, кандай диаграммалар менен анимацияларга муктаждык бар экенин караңыз.
Көндүмдөрүңүздү жумшаңыз
Өз файлдарыңызды жүктөө менен эле чектелбеңиз. Жасай турган толгон-токой маанилүү иштер бар:
- барактарды англис тилинен башка тилдерге которуу
- сүрөттөрдү жакшыртуу
- аныкталбаган объекттерди аныктоо
- автордук укук боюнча суроолорго жана өчүрүү өтүнүчтөрүнө байланыштуу юридикалык билимиңиз менен бөлүшүңүз.
- Категорияларды талкуулоо боюнча маселелерди чечүүгө жардам берүү үчүн пикир бериңиз
- Акысыз медиа булактарынан медиа файлдарды импорттоо
- Сайттын артындагы программалык камсыздоону жана Commons tools куралдарын develop сайтында жардам берүү менен жакшыртыңыз, code issues маселелерин жабуу же Commons app сыяктуу долбоорлорго салым кошуу аркылуу.
Убакытыңызды сарптаңыз
Жада калса, сүрөтчү болуунун же маалымдама тексттерди жакшы жазууга жөндөмдүү болуунун кажети жок. Эгер башаламандыкты тартипке келтире алсаңыз, сизге да иш табылат!
- Лицензиясы же булагы тууралуу маалыматы толук эмес файлды көргөн сайын,
{{subst:nsd}}калыбы (тег) менен белгилөө. - Категорияланбаган файлдарды категориялоо.
- Файлдарды туура субкатегориялоо.
- Категориялоо тапшырмаларын ишке ашырыңыз
- Ачык медиа ресурстарды Викиказынага жүктөө.
- Тандалма сүрөт макамына сунуштоо жана/же добуш берүү (катталган болушуңуз керек).
- Вандализмди аныктап, жокко чыгаруу.
Экскурсия
Катталуу
Викиказына сайтына файлдарды жүктөө үчүн системага киришиңиз керек. Жогорку оң бурчтагы «Кирүү / аккаунт түзүү» шилтемеси аркылуу катталып, сүрөттөрдү жана тексттерди жүктөөдө же түзөтүүдө колдонула турган колдонуучу атын киргизсеңиз болот. Бирок сиз жөн гана баракчаларды түзөткүңүз келсе, системага кирүүнүн кажети жок (бирок кирүү сунушталат). Эгер сизде Википедия же башка Викимедиа долбоорлорунун биринде аккаунт бар болсо, анда сиз Викиказына сайтына да катталгансыз.
Алгачкы кадамдар
Викиказынаны "Алгачкы кадамдар" курсунан жана көп берилүүчү суроолорго жооптордон таанып баштоону сунуштайбыз. Аларда интерфейсти кантип жөндөө (мисалы, интерфейстин тилин өзгөртүү), файлдарды кантип жүктөө керектиги жана лицензиялоо эрежелерибиздин негиздери түшүндүрүлөт. Викиказынага салым кошуу үчүн кандайдыр бир техникалык жөндөмдөрдүн кереги жок. Салым кошууда кайраттуу болуңуз жана башкалардын аракеттеринен жакшы ниет көрүүгө умтулуңуз. Бул вики – чындыгында оңой.
Көбүрөөк маалымат Жамаат порталында жеткиликтүү. Суроолоруңузду болсо Форумдан же IRC #wikimedia-commons webchat каналынан берсеңиз болот.
Викиказынадагы файлдар категориялар жана галереялар боюнча бөлүштүрүлгөн. Негизги категориялар башкы бетте келтирилген.
Башка колдонуучулар билген тилдериңиз тууралуу кабардар болушу үчүн – Babel калыбын, графикалык жөндөмдөрүңүз тууралуу кабардар болушу үчүн – сунушталган калыптардын бирин өз колдонуучу барагыңызга жайгаштырып койсоңуз жакшы болмок. Бардык жүктөгөнүңүздү жеке галереяңыздан карасаңыз болот. Сураныч, талкуу барактарында жазганыңызга ~~~~ терүү/баскычты басуу менен колуңузду коюңуз. Эгерде, файлдарды башка долбоордон көчүрүп жатсаңыз, FileImporter кеңейтмесин колдонуңуз.
Кошумча кызматтар менен программалар
Көптөгөн сүрөттөрдү жүктөйм десеңиз, ал үчүн көптөгөн жүктөө куралдары жеткиликтүү, мисалы, VicuñaUploader. Мазмунду көрүү же түзөтүү үчүн куралдар боюнча толук маалымат керек болсо, "программалык камсыздоо" жана "куралдар" барактарын караңыз.
Бул долбоор сизге ырахат тартуулайт деп үмүттөнөбүз.
